Жайыл Баатыр атындагы №12 орто мектеби Жайыл району,Кара-Балта шаары

Новости

Залкар жазуучу  Ч.Айтматовдун 94 жылдыгына карата өткөрүлгөн «Акыл ордо» таймашына 6-класстардын окуучулары катышып, 3-орунду камсыз кылышты. Сынак Жайыл райондук деңгээлде Жайыл Баатыр атындагы «Сапат» окуу комплексинде өткөрүлдү.
14.12.2022 393
Биология мугалими Эралиева Гулнара Кадышевна жана химия мугалими Уметалиева Айнагуль Шаршекеевна сиздерге чыгармачылык ийгилик!  
14.12.2022 168
23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнүн 33 жылдыгына карата мектебибизде салтанаттуу иш-чара өттү. Мектептин алдыңкы  кыргыз тили жана адабият мугалимдери Кулсариева Наргиза Эмилбековна, Чойкараева Кумаргүл Асылбековна, Мурзаева Зыйнат Асановна жана Куттубаева Бактыгүл Арстанбековнанын окуучулары көркөм окууларды окушуп, «Назик гүл» бий тобу кыргыз бийин бийлешти. Кыргыз тили жөнүндо учкул сөздөр айтылып, эң жакшы деңгээлде өткөрүлдү.
23.09.2022 371
Жайыл Баатыр атындагы №12 орто мектебинде 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы менен 2022-жылдын 3-июнунда «Отличниктердин слету» болуп өттү. Бул слетто мектеп боюнча 102 «эң мыкты» окуган окуучулар  «Эң мыкты » окуучу деген медаль жана Мактоо баракчалары менен сыйланышты. Бул  медалдарга ата-энелер, мугалимдер, мектеп администрациясы демөөрчүлүк кылышты. Слеттун максаты: 1.Билим алууда эң жакшы жетишкендиктерге ээ болгон, жалаң «5» […]
06.06.2022 323
2022-жылдын 30-март күнү Жайыл району боюнча китепканачылардын семинары биздин мектепте өттү. Семинардын темасы: Тармактык маалыматтык китепкана борбору- мектептин ачык өнүгүү  мейкиндигинин түзүмдүк компоненти. Семинар инновациялык ыкмалар менен, тренингдер, ачык сабактар, ийримдин катышуучулары тарабынан концерттик программа менен коштолду. Жыйынтыгында семинар эң жакшы деңгээлде, кызыктуу, жемиштүү өтүлдү деп баалап кетишти.
31.03.2022 216
«Манас таануу» интеллектуалдык сынак боюнча биздин окуучуларыбыз республикалык деңгээлде ат салышып, эң жакшы жыйынтык беришти. б.а.  «Көк жал»  командабызды  КТРКдан көрөбүз!!!
31.03.2022 200
16.03.2022 168
Өлкөнүн мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому менен бекитилген. Авторлук жамаат:Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын […]
03.03.2022 167
2022-жылдын 24-февралында  райондук деңгээлде «Манас таануу» интеллектуалдык сынагы болуп өттү. Бул сынакка район боюнча кыргыз тилдүү мектептер активдүү катышты.Сынакка  саламдашуу, үчилтиктен суроолор, көөнө сөздөр, макал лакаптарды чечмелөө, «Угуп тап» сынагы, топ башчыларына суроолор  ж.б. камтылды. Жыйынтыгында Жайыл Баатыр атындагы №12 орто мектеби жана Полтавка орто мектеби, №4 орто мектеби, Чүй облустук сынакка катышууга жолдомо алышты.
25.02.2022 217
2021-2022-окуу жылынын 31-январынан  4-февралга чейин мектебибизде «Биология жана химия» жумалыгы болуп өттү.Бул жумалыкта ачык сабактар, «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну, лабораториялык иштер болду. Биология мугалими Эралиева Гулнара Кадышевна, химия мугалими Уметалиева Айнагул Шаршекеевна окуучуларды предметтерге кызыктыруу, ой жүгүртүүлөрүн өстүрүү, алган билимдерин практикада колдоно билүүгө үйрөтүү менен абдан жигердүү, жемиштүү жумалыкты өткөрүштү.
20.02.2022 308
2022-жылдын 14-февралынан 18-февралына чейин мектебибизде "Англис тили" жумалыгы болуп өттү. Бул жумалыкта англис тили мугалими Сатиева Гулбайра Ниязбековна, Дуйшенбаева Динара Чаргыновна, Абдижамил к.Гулжамал эжелер "Англис тили жумалыгынын" атайын бурчун абдан кызыктуу, оригиналдуу чыгарышты. Жумалыктын ар бир кунү ачык сабактар, музыкалык кечелер болуп, окуучулар жигердүү, кызыгуу менен катышып жатты. Англис тили мугалимдери сиздерге ийгилик, чыгармачылык каалайбыз. Азаматтар!!
20.02.2022 209
1 / 212