Жайыл Баатыр атындагы №12 орто мектеби Жайыл району,Кара-Балта шаары

Ата-энелер үчүн маалымат

Урматтуу ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр)!

Ата-энелер үчүн маалымат

Мектепке электрондук каттоо быйыл эки этап менен жүргүзүлмөй болду. Юридикалык жашаган жери боюнча каттоо 11-апрелде башталып, июндун соңку жумасында бүтөт. Бул биринчи этап. Юридикалык жашаган жери деген — бул мектеп жайгашкан шаарда катталгандарга тиешелүү. Жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берели. Эгер сиз документ боюнча Нарын же Ошто катталсаңыз (паспортто көрсөтүлсө), анда балаңызды Бишкектеги мектепке биринчи этап менен каттай албайсыз. Алгач мектепке каттоосу ошол шаарда болгондор гана киргизилет. Бул жерде микроучасток эске алынат. Бишкекте катталсаңыз дагы сиз каалаган мектеп менен катталган районуңуз дал келиши керек. Андай болбосо экинчи этапка каласыз.
Министрлик факт боюнча катталгандар электрондук системага июндан тарта кире аларын айтты. Факт боюнча катталгандар — документинде бир жерде катталып, өзү башка аймак же шаарда жашагандар. Аларга июндан августтун аягына чейин убакыт берилет.

Экинчи этапка чейин каалаган, жактырган мектепте бош орун калбаса эмне кылуу керек?

Үйүнө жакын жердеги мектептен орун калбай калса, анда баласын башка жакыныраак, бош орун калган мектептерге гана бере алат.

Кандай документтер керек?

Бул ирет система сизден бир нече документтин сүрөтүн (тиркемесин) сурабайт. Паспорттун көчүрмөсүн, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, жашаган жеринен маалым катты тиркөөнүн кереги жок. Болгону ата-энесинин биринин жана баланын документте жазылган маалыматтарын терүү керек. Андан соң атасы же апасынын жана баланын ПИН номерин көрсөтүү зарыл. Бул учурда биринчи этап менен кирчүлөргө система көрсөткөн дарекке ылайык мектепти автоматтык түрдө чыгарат. Эгер ата-эне баланы башка мектепке берүүнү кааласа, анда экинчи этапты күтүшү керек. Ал эми система көрсөткөн мектеп ыңгайлуу болсо, анда ошол эле мектепке бере берет.
Экинчи этапта бир аз башкачараак. Анда деле ата-эненин биринин жана баланын документиндеги (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк) маалыматтар жазылып, ПИН номер терилет. Бирок бул жерде ата-эне каалаган мектебин тандайт. Эгер ал жакта бош орун калса, микроучастокко карабай киргизүү укугуна ээ болот.
Электрондук дареги (почта) жоктор аны сөзсүз ачышы керек. Анткени мектеп тууралуу маалымат электрондук почтага келип турат.

Кандай балдар мектепке жеңилдик менен кире алат?

Аскер кызматкерлеринин балдары (кызмат өтөп жаткан ата-энелер аскердик күбөлүгүнүн сүрөтүн тиркеши керек);
Кыргызстанга көчүп келген кайрылман статусу бар этникалык кыргыздардын балдары (кайрылман статусун тастыктаган документин тиркеши шарт).
Быйыл бул тизмеге мугалимдер кирген. Алар эгер 1-класста окуй турчу баласын өзү иштеген мектепке берүүнү кааласа, анда баланы жашаган жерине карабастан, жеңилдик менен биринчи этапта каттай алат. Бул жалпы билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мектеп мугалимдеринин жана кызматчыларынын балдарына тиешелүү. Мугалим эле эмес, ошол мектепте кызмат кылгандардын (пол жуугуч, күзөтчү) баарына жеңилдик бериле турганы айтылды.
Эгер өзү иштеген мектепке берүүнү каалабаса, анда башка мектепке экинчи этапта гана каттай алат. Жеңилдик берилген категорияга өзүнчө квота берилет.

Суроолор жаралса кайда кайрылса болот?

Электрондук каттоо системасы иштей баштагандан тартып (11-апрель) система боюнча суроо жаралса, ата-энелер 0220 02 21 96, 0220 02 21 83, 0220 02 23 81, 0312 62 05 19 жана 119 кыска номерине чала алат. Адистер баланы мектепке туура каттоону түшүндүрүп беришет.
Системада дагы бир өзгөчөлүк пайда болгон. Анда чет жакта жүргөн мекендештер (мигранттар) кайсы мамлекетте болбосун? интернет аркылуу электрондук каттоо системасына кирип балдарын 1-класска каттай алышат. Жол-жобосу жогоруда жазылгандай паспорт, баласынын документиндеги маалыматтарды жазып, ПИН номерин терип, экинчи этап менен тапшыра турган болсо, каалаган мектебин тандоо укугуна ээ.

http://mektep.edu.gov.kg/ «МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК ЖАЗЫЛУУ» АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМА

 

Ата-энелер үчүн статьялар

Скачать «Психологические особенности мальчиков и девочек подростков»

Скачать «Памятка родителям о физическом наказании»

Скачать «Компьютерная зависимость у подростков»

Скачать «Подрастковый возраст»

Скачать «Профилактика асоциального поведения у подростков»

Скачать «Иммунитет на пять»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета