Мектептин тарыхы
Кара-Балта шаарында №12 орто мектеп 1993-жылы январь айында ачылган.
Мектептин жалпы аянты 2772 м кв., сыйымдуулугу 1296.
Мектеп үч кабаттуу, 2 спортзал, актовый зал, электрондук китепкана, ашканасы жана бардык предметтерден кабинеттер жетиштүү.
Мектептин алгачкы жетекчиси Алыкулов Абдулазис Казакович 23 жыл үзгүлтүксүз мектепти ийгиликтүү жетектеди. Андан кийин 2016-жылдан 2019-жылга чейин Абыкеев Уланбек Сагынбекович, 2019-жылдан бери Самудинов Анарбек Самудинович жетектеп келүүдө.
Мектеп 2010-жылы Жайыл Баатыр атындагы №12 орто мектеби деген аталышка ээ болгон.
Азыркы учурда мектепте 4 усулдук бирикме, 7 ийрим уюштурулган жана 46 мугалим, 17 тех.персоналдар иштейт. Алардын ичинен 7 мугалим «Билим берүүнүн мыктылары», 42 мугалим жогорку билимдүү, 4 мугалим орто кесиптик билимдүү.
Мектепте жалпы 36 класс комплект бар, анын ичинен 15 класс башталгыч класстар жана 1011 окуучу билим , тарбия алууда.
Мектептин усулдук темасы:
«Замандын талабына ылайык окуучунун компетенттүүлүгүн калыптандыруу менен билим сапатын өнүктүрүү»
Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта
На этой странице возможно добавить:
- Текст
- Фото / Видео / Документы
- Таблицы
- Списки
- Ссылки
- Разные цвета