«Манас таануу» интеллектуалдык сынагы
2022-жылдын 24-февралында райондук деңгээлде «Манас таануу» интеллектуалдык сынагы болуп өттү. Бул сынакка район боюнча кыргыз тилдүү мектептер активдүү катышты.Сынакка саламдашуу, үчилтиктен суроолор, көөнө сөздөр, макал лакаптарды чечмелөө, «Угуп тап» сынагы, топ башчыларына суроолор ж.б. камтылды. Жыйынтыгында Жайыл Баатыр атындагы №12 орто мектеби жана Полтавка орто мектеби, №4 орто мектеби, Чүй облустук сынакка катышууга жолдомо алышты.
Комментарии