23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө 33 жыл!
23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнүн 33 жылдыгына карата мектебибизде салтанаттуу иш-чара өттү. Мектептин алдыңкы кыргыз тили жана адабият мугалимдери Кулсариева Наргиза Эмилбековна, Чойкараева Кумаргүл Асылбековна, Мурзаева Зыйнат Асановна жана Куттубаева Бактыгүл Арстанбековнанын окуучулары көркөм окууларды окушуп, «Назик гүл» бий тобу кыргыз бийин бийлешти. Кыргыз тили жөнүндо учкул сөздөр айтылып, эң жакшы деңгээлде өткөрүлдү.
Комментарии