Мектебибизде Мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө
Өлкөнүн мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому менен бекитилген.
Авторлук жамаат:Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы — бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.
Мамлекеттик туу күнүнө карата мектебибизде 4-б класста ачык класстык саат жана салтанаттуу иш чаралар өткөрүлдү.
Комментарии