Аткарды: Чойкараева Кумаргүл Асылбековна
Текшерди: Бадакеева Элмира Касымбековна
«Адабият алптары -биздин жүрөгүбүздө» аттуу музыкалык адабий кече.
11-класс
1. Саламатсыздарбы, урматтуу агай – эжелер, ата-энелер, окуучулар?! Адабий кечебизди ачып берүү үчүн сөз кезеги берилет: Мектептин директору А.Самудиновго
2. Салтанаттуу кечебизди ачып алдык. Анда эмесе бүгүнкү «Адабият алптары-биздин жүрөгүбүздө» аттуу музыкалык адабий кеченин максаты:
1. Залкар акын-жазуучулардын өмүрүн, чыгармаларын, алардын адабий дүйнөсүн тереңирээк ачууга, адабий көрүнүштөргө, окуяларга терең сүңгүп кирүүгө, жааматташып иштөөгө көнүгүшөт.
2. Окуучулар алган билимдерин эске салуу менен түшүнүктөрүн кеңейтишет.
3. Эли-жерин,мекенин сүйүүгө, билимдүү болууга, турмушта каармандар кетирген каталарды кетирбөөгө, кандай кырдаал болсо да туура чечим кабыл алууга тарбияланышат.
3. Адабият боюнча бийик ой-толгоолор үчүн төмөнкү тасмага көңүлүңүздөрдү бурабыз: Билим булагы долбоорунун видеосу көрсөтүлөт.
4. Бийик тоо баарынан бийик көрүнөт, биринчи күн нурун тосуп, жайнаган жылдыздын отуна эрибес ак кары салам айтат.
Бийик тоо улам алыстап баскан сайын ошончо шаңкайып, бийиктеп, жайы-кышы сөлөкөтүн жоготпойт. Ошол сыңары адабиятыбыздын алптары так ошол бийик тоодой бизге көрк берип, дем берип турат.
Анда эмесе залкарлардын кыскача өмүр баяндарына токтоло кетсек.
Айзада, Мухаммад, Айдана, Санжар, Ырысгүл, Нурдөөлөт, Алина, Кутман, Нуркыз
Слайд менен акындардын тарыхы көрүнүп турат, окуучулар ар бирине кыскача токтолот.
5. Асыл кымбат сөз дөөлөтүн табыштың,
Сөзүң менен көп жүрөктү багынттың.
Кереметтүү сөздөрүңдү керектеп,
Сен кыргызды бүт дүйнөгө тааныттың
«Миң уккандан, бир көргөн артык» дейт, анда эмесе Ч.Айтматовдун чыгармаларынын кыскача эпизоддоруна көңүлүңүздөрдү бурабыз.
С.Бейшекеевдин «Махабат дастаны» ыры коюлуп, окуучулар кыскача эпизоддорду көрсөтүшөт.
6. Учкул сөздөр.
7. «Делбирим» чыгармасынан кыскача үзүндү.Эң биринчи талаадан тартып келген эпизод экрандан берилип, калган бөлүгү сахнадан улантылат.
Ильяс – Актилек
Асел — Тунук
Байтемир- Мирзат
аягында Актилек «Ильястын ырын» ырдайт.
8.Эне тилдин ар бир сөзү, сүйлөмү
Эч табылгыс бак-таалайдын ирмеми.
Эне тилде эркелетип апакем
Эне тилде таанып билгем дүйнөнү.
Э.Ибраев «Улут болсом тилим менен улутмун» — Назик
Ш.Дүйшеев «Кайдыгерлик» — Мухаммед
А.Осмонов «Өмүргө»
9. Т. Касымбеков «Сынган кылыч» романы – Ырысгүл
У.Абдукаимов «Майдан» романы — Жаңыл
10. Мар Байджиев «Төрт адам» драмасы . Биринчи көл жээгиндеги эпизод тасма аркылуу көрсөтүлөт, окуучулар аткарган . Андан кийин Назинин монологу.
Нази -Акдана
Азиз — Амир
11. Акындын ыры- анын адамдык парасатынын, акыл -эс көрөңгөсүнүн ички жан дүйнөсүнүн күзгүсү.
Акындардын лирикаларына көңүл бөлсөк.
А.Осмонов – Актилек,
А.Осмонов – ырыскелди
— Элиза
12. Калтырган жети осуят Манас баба
Кийинки урпактарга, мага, сага.
Эмгекчил бол окуучум талыкпаган
Ээ кылат, ар өнөргө билим гана.
«Манастан» үзүндү Бекназар, Амир.
13. Хор М.Атабеков «Мурас»
Жыйынтык сөз берилет.
Комментарии