2022-жылдын 22-февраль күнү Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Жайыл Баатыр атындагы №12 орто мектебинде атайын концерттик программа коюлду. Мындан сырткары 9-10-11-класстардын катышуусунда мелдеш уюштурулду. Мелдешке Жайыл райондук аскердик комитеттен коноктор келишип, окуучулардын аскерге чейинки даярдыктан кандай өтүп жатышканына, үйрөнгөндөрүнө күбө болушту. Мелдештин жыйынтыгы менен 11-а класстын командасы алдыңкы орунга жетишип, Мактоо баракчалары менен сыйланышты.
Комментарии