Жайыл Баатыр атындагы №12 орто мектеби Жайыл району,Кара-Балта шаары

Ж.Садыковдун 90 жылдыгына карата
Кыргыз тили жана адабият мугалими Самудинова Чынара Бообековна Ж.Садыковдын 90 жылдыгына карата "Ж.Садыков көп кырдуу талант" деген адабий кече өткөрдү. Адабий кечеге 7-8-класстардын окуучулары жигердүү катышышты.  Кечеде манас айтуу, акындын ырларын көркөм айтуу, сахналаштырылган көрүнүштөр, кыргыз бийлери камтылып, эң жакшы деңгээлде өткөрүлдү.
Жайыл Баатыр атындагы №12 орто мектебинде 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы менен 2022-жылдын 3-июнунда «Отличниктердин слету» болуп өттү.
Жайыл Баатыр атындагы №12 орто мектебинде 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы менен 2022-жылдын 3-июнунда «Отличниктердин слету» болуп өттү. Бул слетто мектеп боюнча 102 «эң мыкты» окуган окуучулар «Эң мыкты » окуучу деген медаль жана Мактоо баракчалары менен сыйланышты. Бул медалдарга ата-энелер, мугалимдер, мектеп администрациясы демөөрчүлүк кылышты.Слеттун максаты:1.Билим алууда эң жакшы жетишкендиктерге ээ болгон, жалаң «5» деген баага бардык предметтерди өздөштүргөн окуучуларды колдоо.2.Аларды ар тараптан өнүгүүсүнө демилге берүү.3.Ошондой эле башка окуучуларды да ушул эң алдыңкы окуучулардын катарына кошулууга, умтулууга чакыруу.4.Атайын ата-энелер, мугалимдер тарабынан демөөрчүлөрдүн жардамында эң алдыңкы окуучуларды сыйлоо.
"Манас таануу" интеллектуалдык сынагы
"Манас таануу" интеллектуладык сынагы боюнча республикалык деңгээлде катышып, эң жакшы жыйынтыкка жетиштик. КТРКда "Көк жал" командасы!. УРАА!
Нооруз-2022
Мектебибизде Нооруз майрамын утурлай ӨӨБ уюму тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды.
Англис тили жумалыгы
2021-2022-окуу жылынын 14-февралынан 18-февралына чейин бардык билим берүү мекемелеринде "Англис тили" жумалыгы болуп өттү.Бул жумалык биздин мектепте да абдан кызыктуу, жигердүү өткөрүлдү. Англис тили мугалимдерибиз Сатиева Гулбайра Ниязбековна, Дуйшенбаева Динара Чаргыновна, Абдижамил к. Гулжамал 3-11-класстардын окуучуларын баарын кызыктыруу менен англис тили боюнча музыкалык кечелерге, сабактарга, класстан тышкаркы иш чараларга катыштырышты.Окуучулар, мугалимдер жамааты баары бул жума ичинде англис тилинде көбүрөөк сүйлөгөнгө аракет жасашты. Англис тили мугалимдерине ийгилик, чыгармачылык каалайбыз!!!
2022-жаңы жылыңыздар менен!!
2022-жаңы жыл баарыңыздарга ийгиликтерди, жакшылыктарды, бакубат жашоону, үй бүлөлүк бакытты алып келсин!! Дүйнөдө тынчтык, бакубатчылык өкүм сүрсүн!
Кымбаттуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору! Биз чын жүрөктөн баарыңыздарды Билим күнү майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
Урматтуу мугалимдер, майрамыңыздар менен! Алган сыйлыгыңыздар кут болсун! Дайыма ийгиликтер коштоп жүрсүн!
2022-жылдын 10-январында Жайыл Баатыр атындагы №12 орто мектебинин орус тили жана адабият мугалимдери райондук семинарда кызыктуу доклад окушуп, тренинг уюштуруп, семинарды мыкты деңгээлде өткөрүштү. Семинардын катышуучулары баары өз ойлорун айтышып, ийгилик каалашты.

Новости

Залкар жазуучу  Ч.Айтматовдун 94 жылдыгына карата өткөрүлгөн "Акыл ордо" таймашына 6-класстардын окуучулары катышып, 3-орунду камсыз кылышты. Сынак Жайыл райондук деңгээлде Жайыл Баатыр атындагы "Сапат" окуу комплексинде өткөрүлдү.
Биология мугалими Эралиева Гулнара Кадышевна жана химия мугалими Уметалиева Айнагуль Шаршекеевна сиздерге чыгармачылык ийгилик!  
23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнүн 33 жылдыгына карата мектебибизде салтанаттуу иш-чара өттү. Мектептин алдыңкы  кыргыз тили жана адабият мугалимдери Кулсариева Наргиза Эмилбековна, Чойкараева Кумаргүл Асылбековна, Мурзаева Зыйнат Асановна жана Куттубаева Бактыгүл Арстанбековнанын окуучулары көркөм окууларды окушуп, «Назик гүл» бий тобу кыргыз бийин бийлешти. Кыргыз тили жөнүндо учкул сөздөр айтылып, эң жакшы деңгээлде…

Мы в цифрах

50
ЖЫЛ
3000
ОКУУЧУЛАРДЫН САНЫ
750
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР (ЖЫЛЫНА)
3500
КИТЕПТЕРДИН САНЫ